Астанада өтө турган бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулардын параддык жана спорттук кийими даяр болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Спортчулар параддык форманы 8-сентябрь күнү оюндардын ачылыш аземинде кийип чыгат. Аталган кийим 10 элементтен турат: параддык форма (ак калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма (баш кийим, куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).
Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 183 спортчу катышат.
31-августта күтүлгөн аба ырайы
Жум Авг 30 , 2024
31-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32, Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн […]
