РФтин Камчатка филиалындагы Бирдиктүү геофизикалык кызматтын маалыматы боюнча, “интенсивдүү афтершоктук процесс” уланууда. Сейсмологиялык абалды баалоодо жакын арада аталган процесстин интенсивдүүлүгү акырындык менен төмөндөрү болжолдонууда.
Силкинүү 18-август күнү саат 07:10да Тынч океан акваториясында болгон. Очогу жарым аралдын чыгыш жээктеринде жайгашкан. Геофизикалык кызматтын маалыматы боюнча күчү 7,0 баллды түзгөн.
Жердин силкинүүсү Камчаткадагы тургундарды катуу коркуткан. Көптөр үйлөрүнөн качып чыгышкан.
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу өтөт
Дүй Авг 19 , 2024
Бишкек шаарындагы Каба Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу жана II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 21-22-23-августа өтө турган иш-чараны Дене-тарбия жана спорт департаменти, Кыргыз күрөш федерациясы жана Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда. “Бүгүнкү күндө […]
