“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун жер иштери апрелде башталат

Автор

Апрель айында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун жер иштери башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
“Биз кечээ жыйында келе турган техникалардын тизмесин карап чыктык. Жакында 3,5 миңден ашуун техника алып келинет. Аларды иштетүү үчүн кошумча жумуш орундары түзүлөт. Азыр биз адистерди даярдап жатабыз”, — деди Төрөбаев.
Минкаб төрагасынын орун басары белгилегендей, Балыкчы – Кочкор тилкесинин учурда 38 чакырымы салынып бүттү. 2026-жылы Кочкор районуна чейинки иштер толугу менен аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Шавкат Мирзиёев Малайзияга кетти

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрахимдин чакыруусу менен бул өлкөгө сапар алды. Өзбек лидеринин басма сөз кызматы «Сапардын программасына ылайык, Куала-Лумпур шаарында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, бир катар ишкердик жана маданий иш-чаралар өтөт»,-деп маалымдады. Алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын күн тартибинде өзбек-малайзиялык достук мамилелерин мындан ары тереңдетүү жана кызматташууну […]

You May Like