Кыргыз футболчулары эл аралык рейтингде 97-орунга түштү

Кыргыз футболчулары эл аралык рейтингде 97-орунга түштү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 97-орунга жайгашты. Жаңыланган рейтинг ФИФАнын сайтында 29-июнда жарыяланды.

Буга чейин Кыргызстандын футболчулары Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар кубогу мелдешинде 3 оюн өткөргөн.

Стефан Тарковичтин командасы Ооганстанды 3:0 эсебинде жеңип, Иран (1:5) жана Оман (0:1) менен да утулуп калды.

Бул турнирдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 0,64 упай жоготуп, ФИФАнын рейтингинде  96-орундан 97-орунга түшүргөн.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан командасы 17-орунда турат.

Бөлүшүү: