reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1642 % % 0.15
EURO 28,9429 % % 0.1
GRAM ALTIN 1.681,12 % % 0,39
ÇEYREK A. 2.748,63 % % 0,39
BITCOIN 725.514 % 0.005
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргыз куткаруучулар эл аралык мелдешке катышууда

Son Güncelleme :

29 июня 2023 - 15:17

reklam
Кыргыз куткаруучулар эл аралык мелдешке катышууда
reklam

Кыргызстандык куткаруучулар  Азербайжандын Габала шаарында “Жаш куткаруучу” аталышындагы эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мелдеште жаш куткаруучулар өрт эстафетасы, тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү, издеп-куткаруу боюнча күч сынашып, өз өлкөсүнүн бай тарыхын, маданиятын, жаратылышынын өзгөчөлүгүн көрсөтмөлөр аркылуу даңазалашууда.

Учурда Кыргызстандын атынан барган жаш куткаруучулар командасы атаандаштардын арасында жогорку даярдыгын жана күчтүүлүгүн көрсөтүүдө. Мелдештин өрт эстафетасы жана тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү түрүндө ишенимдүү түрдө 3-орунду багындарышты. Алдыда дагы издеп-куткаруу боюнча катышуу күтүп турат.

Белгилей кетсек, мелдеш 23-июндан 3-июлга чейин өтөт.

reklam