reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргыз калысы Нурдин Букуев Гиннес китебине кирди

Son Güncelleme :

29 сентября 2023 - 15:36

reklam
Кыргыз калысы Нурдин Букуев Гиннес китебине кирди
reklam

Кыргызстандык футзал калысы Нурдин Букаев  Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча рекорд койгон. Азырынча мындай көрсөткүчкө жеткен алгачкы рефери болуп саналат.

Анын эсебинде Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттары бар. Гиннес сертификаты 21-ноябрда тапшырылат.

Эске салсак, кыргызстандык адис карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болгон. Бүгүнкү күндө Букуев Кыргыз футбол союзунун баш катчысы болуп эмгектенет. Даңк медалынын ээси.

reklam