«Кыргызтелекомдун» Бишкектеги борбордук имараты «Айыл Банкка» сатылабы?

Автор

“Кыргызтелеком” ишканасынын Бишкек шаарынын Чүй жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишкен жериндеги имараты аукцион аркылуу сатыла турганы маалым болду.
Маалыматка ылайык, аталган имаратты тейлөөгө 20 миллион сом коротулат, ошол эле учурда анын теңинен көп бөлүгү бош турат. Тарыхый эстелик болгондуктан аны жаңылоого чоң каражат талап кылынары айтылды.
«Имараттын жайгашкан жери борбордук аймакта болуп, Бишкек шаарынын визиттик карточкасы болуп саналат. Бирок аны тейлөөгө компаниянын каржылык мүмкүнчүлүгү жетпейт. Акыркы жылдары имараттын айланасын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жасалды, бирок толук жаңылоого жетиштүү акча жок», — деп айтылат маалыматта.
Көз карандысыз компания имараттын наркын 1,56 миллиард сомго баалап, ал «Айыл банкка» сатылары жана бул имараттын мамлекеттик менчикте калышын камсыздай турганы белгиленди.
Ал эми “Кыргызтелекомдун” кызматкерлери Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Бишкек шаардык байланыш тармактары кеңсесинин имаратына көчүрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Биздин убактыбызды эмне алат?

1. Максатты так эмес, бүдөмүк коюу. 2. Иштеги приоритеттердин жоктугу. 3. Бир убакта өтө көп нерсени жасоого аракет кылуу. 4. Жумуш күнүн туура эмес пландаштыруу. 5. Жеке жыйынтыксыздык, “чачылган” стол. 6. Документтерди жана башка маалыматтарды натыйжасыз сактоо. 7. Эмгектин жетишсиз бөлүштүрүлүшү, бирөөнүн ишин кылуу, жок деп айта албоо. 8. Телефон […]

You May Like