Кыргызстан боюнча жыл аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет

Кыргызстан боюнча жыл аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет

Кыргызстан боюнча 2023-жылдын аягына чейин 100 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 204 мектептин курулушу башталган.

“2023-жылдын аягына чейин бүткөрүлө турган 100 мектептин ичинен жңы окуу жылына карата 36сынын курулушу бүтүп, даяр болот”, – деди ал.

 

2023-жылдын аягына чейин бүтө турган 100 мектеп:

 

Чүй облусу – 12 мектеп;

Баткен облусу – 10 мектеп;

Жалал-Абад облусу – 20 мектеп;

Ысык-Көл облусу – 12 мектеп;

Нарын облусу – 8 мектеп;

Ош облусу – 30 мектеп;

Талас облусу – 8 мектеп.

 

2023-жылдын 1-сентябрына 36 мектеп колдонууга берилет:

 

Чүй облусу – 7 мектеп;

Баткен облусу – 5 мектеп;

Жалал-Абад облусу – 11 мектеп;

Ысык-Көл облусу – 4 мектеп;

Нарын облусу – 2 мектеп;

Ош облусу – 5 мектеп;

Талас облусу – 2 мектеп.

 

Ал эми сентябрь айынан тартып жылдын аягына чейин калган 64 мектептин курулушу бүткөрүлөт. Алар:

 

Чүй облусу – 5 мектеп;

Баткен облусу – 5 мектеп;

Жалал-Абад облусу – 9 мектеп;

Ысык-Көл облусу – 8 мектеп;

Нарын облусу – 6 мектеп;

Ош облусу – 25 мектеп.

 

Орунбеков кошумчалагандай, бул Кыргызстан эгемендик алган жылдар аралыгындагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштырып айта турган болсок:

 

2010-жылы 1 мектеп;

2011-жылы 4 мектеп;

2012-жылы 6 мектеп;

2013-жылы 29 мектеп;

2014-жылы 12 мектеп;

2015-жылы 45 мектеп;

2016-жылы 45 мектеп;

2017-жылы 35 мектеп;

2018-жылы 68 мектеп;

2019-жылы 31 мектеп;

2020-жылы 25 мектеп.

Бөлүшүү: