Кыргызстандын шахмат боюнча чемпионаты 13-февралда өтөт

Автор

Кыргызстандын шахмат боюнча чемпионаты 13-февралда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз шахмат союзунан билдиришти.
Эркектер жана аялдар арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты Бишкекте 13-февралдан (кетүү күнү) 24-февралга чейин (кетүү күнү) өтөт.
Турнир И.Раззакова атындагы КМТУда – 8 корпус (мурдагы КМСУ), чоң актовый зал, 2-кабат (Бишкек ш., Малдыбаев көч., 34Б) болот.
“Шарттарга жооп берген катышуучулар 2025-жылдын 10-февралында саат 15:00гө чейин шаардык/аймактык шахмат федерацияларына арыздарын тапшырышы керек”, – деп айтылат билдирүүдө.
– Шаардык/аймактык шахмат федерациялары акыркы арыздарын 11-февраль саат 15:00гө чейин расмий түрдө тапшырышы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Мексика АКШ чек арасына аскер жиберүүгө макул болду

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика жана Канада үчүн бажы төлөмдөрүн бир айга токтотту. Бул чечим аталган өлкөлөрдүн АКШ чек арасындагы аскердик күчтөрүн көбөйтүү убадасынан кийин кабыл алынган. Максат Америкага мыйзамсыз ташылып жаткан баңги заттарды токтотуу болду. «Мен президент Трамп менен жакшы сүйлөштүм. Канада чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн 1,3 миллиард […]

You May Like