reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы 2-орунду ээледи

Son Güncelleme :

27 июня 2023 - 9:08

reklam
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы 2-орунду ээледи
reklam

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасында 2-орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында  өттү.

Мелдешке жалпы 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнистан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалары катышты. Курама командалар өз ара айлампада ойношту. Жыйынтыгында Иран курама командасы 16 упай менен 1-орунду ээледи. Улуттук курама команда 15 упай менен 2-орунду, ал эми Монголиянын курама командасы 11 упай менен 3-орунду ээледи.

Мындан сырткары спортчуларга атайын наамдар ыйгарылды:

— “Мыкты тосмочу” наамы Роман Шилов (Кыргызстан);

— “Мыкты тосмочу” наамы Азизбек Кучкоров (Өзбекстан);

— “Мыкты коргоочу” наамы Кутман Абсатаров (Кыргызстан);

— “Мыкты каршы чабуулчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);

— “Эң баалуу оюнчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);

— “Эн мыкты оюнчу” наамы Хоссейинитолоути Сейедматин (Иран);

— “Эң мыкты оюнчу” наамы Гантулга Ценд-Аюш (Монголия).

reklam