reklam
reklam
hava 19° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 745.379 % -0.154
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстандык эки балбан Азия чемпиону болду

Son Güncelleme :

12 июня 2023 - 11:50

reklam
Кыргызстандык эки балбан Азия чемпиону болду
reklam

Бишкекте 17 жана 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эки грек-рим балбаны Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Аталган мелдеш 10-июнда 17 жашка чейинки балбандар арасындагы таймаштар менен башталды.

Жарыштын биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар 4 медаль тагынды. 45 кг салмакта Марлен Абдысаматов жана 60 кг салмакта Сабит Шамшединов алтын байге утуп, Азия чемпиону болушту. Ошондой эле, 51 кг салмакта Ырысбек Хамдамов күмүш медаль утту. Андан тышкары, 110 кг салмакта Таласбек Бообеков коло байге алды.

Эскерте кетсек, аталган Азия чемпионаты 18-июнда аяктайт.

reklam