Кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Жаңы Эмгек кодекси

Автор

Министрлер кабинети “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготкондугу жөнүндө документ кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы Эмгек кодекси боюнча эми иш күнүн ишембиге которууга болбойт.
Жаңы жылдык каникулдар 1-январдан 6-январга чейин, май майрамдары 1-9-майга чейин деп белгиленди.
23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү, 7-апрель – Апрель революциясы күнү жана 7-8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнү сыяктуу мамлекеттик майрамдар иш күндөрү бойдон калды.
Ал эми 8-март – Аялдардын эл аралык күнү, 21-март – Нооруз, 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү, Орозо айт, Курман айт жана 7-январь – Рождество майрамы эс алуу күндөрү деп таанылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Индонезияда күчү 6,2 баллдык жер титирөө болду

Индонезиянын түндүк-чыгышында магнитудасы 6,2 болгон жер титирөө катталды. Жергиликтүү Метеорология, климатология жана геофизика агенттигинин маалыматына караганда силкинүүлөр Индонезия убактысы боюнча саат 4:35те катталды. Жер титирөөнүн эпицентри деңизде, Дой аралынан түндүк-чыгышты карай 86 чакырым аралыкта, 105 чакырым тереңдикте жайгашкан. “CNN Indonesia” басылмасынын маалыматына ылайык, азырынча кандайдыр бир кесепеттер тууралуу маалыматтар түшкөн […]

You May Like