Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрөт.
Түн ичинде жети аймакта 20 учкучсуз түзүм атып түшүрүлдү
Дүй Авг 26 , 2024
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Саратов облусунун үстүнөн тогуз, Курск облусуна үч, Белгород, Брянск жана Тула облустарына экиден, Орел жана Рязань облустарынын үстүнөн бирден учкучсуз учак жок кылынды. Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргиндин айтымында атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары Саратов жана Энгельс шаарларындагы турак жайларга зыян келтиргенин билдирген. Бир нече адам […]
