reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Кыргызстанда  күн электр станциясы курулат

Son Güncelleme :

05 июля 2023 - 14:15

reklam
Кыргызстанда  күн электр станциясы курулат
reklam

Кыргызстандагы  алгачкы жолу кубаттуулугу 50 мегаватт болгон “Күн булагы” күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылып жатат. Жалпы инвестициянын көлөмү 35 млн. доллардан ашат. Долбоорду “Күн Булагы” ЖЧКсы казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Белгилей кентсек, долбоор Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия тармагында биринчилерден болуп саналат. Аны ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички керектөөнү жарым-жартылай жабууга жардам берет. Буга чейин аталган компания Тору-Айгыр айыл аймагынан жалпы аянты 80 гектар жер тилкесин алуу боюнча тендерди утуп алган.

«Бүгүнкү күндө инвестор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгып, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсынан алдын ала техникалык шарттарды алды. Ишкана инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Жакынкы аралыкта айыл чарбадагы жоготууларды жана алынбай калган пайданы төлөп, ошондой эле айыл өкмөтү менен келишим түзгөндөн кийин ишкана техникаларды алып келип, объектинин курулушун баштайт”, — деп айтылат маалыматта.

reklam