Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө(никабка) тыюу салынды. Мыйзамды бузгандарга 20 миң сом айып пул салынат.
Мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон. Эми бетти толугу менен жабуучу беткаптар, диний кийимдер, жоолуктар, шлемдерди кийүүгө мүмкүн эмес.
Тыюу салынбаган жагдайлар бар. Мындай өзгөчөлүктөргө төмөнкүлөр кирет:
— Медициналык — мисалы, ооруга байланыштуу маскаларды колдонуу;
— Кесиптик иш — коопсуздук шаймандары талап кылынган шарттар;
— Спорттук, маданий жана коомдук иш — чаралар — карнавалдар же спорттук иш-чаралар;
Мыйзам коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун жана идентификациясын жогорулатууга багытталган.
Трамп Канадага 51-штат болуунун артыкчылыктарын атады
Ише Янв 25 , 2025
АКШнын президенти Дональд Трамп Канада АКШнын курамына кирсе, анын жарандарына салык жеңилдиктерин убада кылды. Ал канадалыктарга жакшы медициналык кызмат көрсөтүүнү жана соодада кошумча төлөмдүн жок болорун сунуштады. Ошондой эле АКШнын курамында алар аскердик маселелер жөнүндө тынчсызданбай жашамак. «Мен Канада 51-штат болуп калса абдан кубанат элем. Эгер бул ишке ашса, канадалыктарга […]
