Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 756 сом деп эсептелди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму – 8 миң 888 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы – 6 миң 878 сом, балдардыкы – 6 миң 598 сомду түзөт.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.