Бүгүн Кыргызстанда дагы бир жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-мартта таңкы саат 06:03тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Эркечтам, Көк-Суу айылдарында 2,5 баллга (Нура айылынан 15 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эскерте кетсек, күн мурун, 19-мартта Кыргызстанда жер титирөө катталып, анда да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Президент Сокулук районундагы мобилдик клиниканын иши менен таанышты
Шар Мар 20 , 2024
Президент Садыр Жапаров Сокулук районунда жайгашкан мобилдик мульти-диагностикалык комплекске барды. Аталган клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтөт жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча бекер консультация алышат. Президент клиникада медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, ар түрдүү форматта баарлашты. Белгилүү болгондой, келечекте боор, жүрөк жана жилик чучугун трансплантациялоо кызматтарын ишке […]
