Кыргызстанга 9 айда 3 миллиондон ашык турист келген

Автор

2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга 3 млн 280,7 миң турист келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.
Бул убакытта Кыргызстанга келген туристтер 807,7 млн доллар коротушкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга көп.
Ал эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга тогуз айда 427,4 млн доллар сарпташкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга, башкача айтканда, 20,8 млн долларга өскөн.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргызстанга 2 млн 864,2 миң турист келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кантта мыйзамсыз менчиктештирилген автотранспорт ишканасы мамлекетке кайтарылды

Кант шаарында жалпы аянты 28143,27 чарчы метр (курулуштары бар) автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар «Каниет» ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, […]

You May Like