Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетинин төрагасын ыкчам иштөөгө чакырды.
Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өткөн жылдын аягында саясий реперессияга кабылган ата-бабаларды актоо боюнча тарыхый мыйзам кабыл алынганын айтып, мыйзамдын 3-беренеси боюнча, өкмөт 3 айдын ичинде комиссия түзүп Жогорку Кеңешке алып кирмек, бирок бул иш кечеңдеп жатканын айтты.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Алмасбек Ахунжанович, Министрлер кабинетинин төрагасына кулак кагыш кылып айтып коюңуз, бул кишинин кыймыл-аракети жай экен. Азыр ыкчам иштей турган учур. Жайбаракат иштей турган заман өткөн. Андыктан өкмөт тез арада айтылган маселени чечип, пленардык жыйынга алып чыксын”, — деди .
