reklam
reklam
hava 28° Orta
DOLAR 27,1709 % % 0.17
EURO 28,9695 % % 0.21
GRAM ALTIN 1.683,02 % % 0,51
ÇEYREK A. 2.751,74 % % 0,51
BITCOIN 726.813 % 0.389
Соңку кабар
reklam
Google News

Курандын өрттөлүшү: Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө коркунуч жаралды

Son Güncelleme :

03 июля 2023 - 14:11

reklam
Курандын өрттөлүшү: Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө коркунуч жаралды
reklam

Стокгольм шаарында  Куранды өрттөө боюнча дагы бир акция жасалып,  ага  Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын  кескин реакциясы Швециянын НАТОго эрте кирүү мүмкүнчүлүгүн коркунучка кептеди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.

Стокгольм шаарында Курман айт майрамы  учурунда Курандын кордолуп, өрттөлүшү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири резонанс жаратты. Бейшемби күнү ондогон ирактыктар өлкөнүн Багдаддагы элчилигинин алдына нааразылык акциясына чогулду. Окуяны ошондой эле Алжир, Ооганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан, Араб мамлекеттер лигасынын (LAS) баш катчысы Ахмед Абул Гейт жана Перс булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысы айыптады. Иорданиянын жана БАЭнин тышкы иштер министрликтери Швециянын элчилерин чакырып, аларга нааразылык нотасын тапшырышты.

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган бул акцияны “жийиркеничтүү” деп атады. Швеция Түркия менен НАТОго мүчө болуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ката кетирди.

«Түркиянын көптөгөн расмий өкүлдөрү, анын ичинде президент Режеп Тайып Эрдоган Швециянын борбору Стокгольмдогу мечитте Курандын өрттөлүшүнө катуу реакция жасашты. Бул Скандинавия өлкөсүнүн аскердик альянска мөөнөтүнөн мурда кирүү мүмкүнчүлүгүн ого бетер коркунучка салды», — деп жазды Миллиет басылмасы.

reklam