reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Коргоо министрлиги Орусиядан тик учак сатып алды

Son Güncelleme :

23 июня 2023 - 15:05

reklam
Коргоо министрлиги Орусиядан тик учак сатып алды
reklam

Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Россиянын «Рособронэкспорт» АКнын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде МИ-17 тик учагы сатып алды.  Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

МИ-17 тик учагын өткөрүп берүү аземи  бүгүн, 23-июнда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн базасында болду.

Иш-чарага КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов, «Рособронэкспорт» АК, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Аземдин жүрүшүндө коргоо министри белгилегендей, көп максаттуу Ми-17 тик учагы Куралдуу Күчтөрдүн алдында коюлган тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүктү жогорулатат.

Учуучу техника Кыргызстанга Ил-76 самолету менен жеткирилип, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар сыноочу учууларды өткөрүшкөн.

Белгилеп кетсек, аталган техниканы сатып алуу үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

reklam