Камчыбек Ташиев кызматкерлерине келечек үчүн иштөөгө чакырып, эскертүү берди

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачып жатып, Камчыбек Ташиев өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө бөлүмүнүн айрым кызматкерлерине карата иликтөө иштери жүруп жатканын айтып берди.
Ал кол алдындагыларды бир-эки күндүн кызыкчылыгы үчүн эмес, келечек үчүн иштөөгө чакырып, эскертүү берди.
«Операцияларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, өз кызыкчылыгың үчүн жасасаң да баары чыгат. Эртеби-кечпи бул белгилүү болот. Тапшырма берилген учурда мамлекеттин кызыкчылыгын артка жылдырып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген кызматкерлер бар. Азыр менин тапшырмам менен 6-башкармалыктын 2-3 кызматкеринин артынан иликтөө жүрүп жатат, Жакында ачыкка чыгат. Мамлекет сиздер үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берет. Маселеңер болсо мага жеке өзүмө келгиле», — деди Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан футбол боюнча Азия кубогун өткөрөбү?

Кыргыз футбол биримдиги 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында Азия кубогун өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган Биримдиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерацисынын (АФК) акыркы чечимине ылайык, 2025-жылдан тарта U-17 жаш командалары арасында Азия чемпионаттары жыл сайын өткөрүлөт. Мындан улам, мелдешти өткөрүү үчүн тандалган ассоциация үч жыл катары менен – […]

Сизге жагышы мүмкүн