Камчыбек Ташиев коррупционерлерге жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун сунуштады

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция кылган мамлекеттик кызматкерлерге карата жазаны күчөтүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү сунушталып жатканын айтты.
Аталган өзгөртүүлөр тууралуу Ташиев бүгүн, 5-декабрдагы ЖКнын жыйынында маалымат берип жатат.

Анын айтымында, учурда жекморлукка каршы аёсуз күрөш жүрүп жатат, бирок ага карабастан жемкорлуктун деңгээли жогору бойдон калууда, айрым жерлерде өсүп да кетти. Буга байланыштуу жазаны күчөтүү сунушталууда.

УКМК төрагасы жазанын мөөнөтүн узартуу эмес, кылмыш жоопкерчилигин күчөткөн таасирдүү ыкмалар сунушталып жатканын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия менен АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилери Украинадагы жаңжалды талкуулады

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысы Валерий Герасимов менен АКШ армиясынын Башкы штаб башчылары комитетинин төрагасы Чарльз Браун телефон аркылуу сүйлөштү. Анда коопсуздук маселелерин, Украинадагы жаңжал боюнча бир катар суроолорду талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Джерил Дорси билдирди. Джерил Дорси белгилегендей, бул генералдар ортосундагы алгачкы сүйлөшүү болду. Тараптар эл […]

You May Like