

Өткөн жумада Ош шаарынын мурдагы мэрлеринин бири камалаары тууралуу маалымат тарады. Мындан улам айрым жарандар иштеп кеткен бардык мэрлерди текшерип, кынтык иштери болсо, жоопко тартылышын талап кылышууда. Ош шаарында эң көп жер саткан же, жемкорлук менен алектенген мэрлер жөнүндө коомчулукта талкуу жаралып жатат. Эми укук коргоо органдарынын кылтагына илинип, жегенин куса турган мэрлер өлкөнү таштап, качып кетишеби?