

Казакстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу ниети жок. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.
«Казакстан менен Армения ЖККУдан чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген маалымат тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт»,-деди Смадияров.