Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Руслан Жаксылыковду кабыл алды. Ак Ордо маалымдагандай, мамлекет башчысына эл аралык окуулардын жыйынтыктары, аскердик даярдыкка жаңы ыкмалардын киргизилиши, ошондой эле аскердик жана мобилизациялык даярдыкты камсыздоо боюнча берилген тапшырмаларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Өзгөчө заманбап курал-жарак жана аскердик техникалар менен жабдууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аскердик-патриоттук иштерди күчөтүүгө көңүл бурулду
Баткенде 26 млн сомго муниципалдык мал базар курулду
Шей Авг 13 , 2024
Раззаков шаарында 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, объект бардык архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берет. Курулушка республикалык бюджеттен 15 миллион сом, 6,5 миллион Лейлек районун өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллион сом бөлүнгөн. Бөлүшүү:
