Министрлер кабинетинин бекиткен тизмесиндеги 583 тарыхый объекттер күн сайын талкаланып баратат. Мындай маалыматты Исхак Масалиев бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
“Өткөн айда тарыхый жана маданий объектилер талкаланып жатат деп маселе көтөрдүм эле. Тактап айтканда, Ала-Тоо кинотеатрынын маңдайында тарыхый Эркин-Тоо басмаканасы азыр жок. Ысык-Көл мейманканасы да талкаланды. Панфилов дивизиясы атындагы музейди талкалап, 3800 тонна арматурага алмаштырышты. Ошондой эле Ак-Кула ат майданы жок болду. Батыш жана Чыгыш автобекеттери, ВДНХ талкаланып жатат.
18-февраль күнү Президенттин иш башкармалыгынын сунушу менен ведомстволор аралык комиссия дагы бир топ тарыхый объектилерди тизмеден чыгарды. Анын ичинде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта жайгашкан 2 тарыхый имарат бар. Булар Токтоболот Абдымомунов N: 205 жана Токтоболот Абдымомунов N: 207 имараттар. Тактап айтканда, Жогорку Сот жайгашкан имарат менен мурдагы өкмөт үйү. Ушул эки имарат тизмеден чыгарылып, инвесторлорго берилмек болуп турат”,- деди.
Депутат маданият министрлиги да, тарыхый имаратты инвесторго берүү керек деген мыйзам долбоорун киргизип жатканын билдирди. “Дүйнөдө мындай имараттар корголот. Президент улуу инсандарды эң жогорку наамдар менен сыйлады. Бул аябай жакшы көрүнүш. Бирок, ошолор иштеген имараттарды талкалоого жол берилип жатат. Мындай тарыхый имараттарды инвесторлорго бербей, азыр каражат жетиштүү, өзүбүз эле оңдоп түзөөдөн өткөрүп койбойлубу”,- деген сунушун айтты.
