Индонезиянын түндүк-чыгышында магнитудасы 6,2 болгон жер титирөө катталды.
Жергиликтүү Метеорология, климатология жана геофизика агенттигинин маалыматына караганда силкинүүлөр Индонезия убактысы боюнча саат 4:35те катталды. Жер титирөөнүн эпицентри деңизде, Дой аралынан түндүк-чыгышты карай 86 чакырым аралыкта, 105 чакырым тереңдикте жайгашкан.
“CNN Indonesia” басылмасынын маалыматына ылайык, азырынча кандайдыр бир кесепеттер тууралуу маалыматтар түшкөн жок.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун жер иштери апрелде башталат
Шей Фев 4 , 2025
Апрель айында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун жер иштери башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. “Биз кечээ жыйында келе турган техникалардын тизмесин карап чыктык. Жакында 3,5 миңден ашуун […]
