reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Иманалиев алыскы Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышууда

Son Güncelleme :

04 августа 2023 - 14:55

reklam
Иманалиев алыскы Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышууда
reklam

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жалал-Абад облусунун алыскы аймагы Тогуз-Торо районундагы мектеп, бала бакчалардын абалы менен таанышып жүрөт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр быйыл салынып бүтө турган 100 мектептин тизмесине кирген Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылындагы М. Абдыжапаров атындагы орто мектептин курулуш иштерин жеринде көрдү.

 

Каныбек Иманалиев жаңы окуу жылында окуучулар жаңы имараттан билим ала баштай тургандыгын айтып, аларды заманбап окуу куралдары менен камсыздоо жана курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

 

Ошондой эле министр ар бир мектеп, бала бакчанын жетекчилигине заманга жараша изденүү менен иштөөгө чакырып, жаңыча ыкмалар менен балдарды физика, химия, математика сыяктуу так илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу керектигин белгиледи.

reklam