Дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен болгон маектешүүдөн кийин Камала Харрис менен ушундай форматта сүйлөшүү каалоосун X социалдык тармагы аркылуу билдирди. “Камала Харрис менен X платформасында маек курганга кубанычта болот элем”,-деди Маск.
Илон Маск Дональд Трамп менен эки сааттык маек курду, ал миллиардер ээлик кылган X социалдык тармагында түз эфирде көрсөтүлдү. Ишкер маек учурунда X социалдык тармагы массалык киберчабуулга дуушар болгонун айтты.
Бишкекте “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы өтөт
Шар Авг 14 , 2024
Кыргызстанда “Кылымдардын үнү” республикалык комузчулардын кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кароо-сынак 20-августтан 7-сентябрга чейин созулат. Аталган кароо-сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана комузчу Самара Токтакунованын 80 жылдык мааракесине карата уюштурулууда. Министрликтин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Акжол Доранбек уулунун […]
