Израилде 400дөн ашык казакстандык болушу мүмкүн, алардын 118и Казакстанга кайтууну каалашат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров билдирди.
«Тель-Авивдеги элчиликтин эсеби боюнча, Израилде консулдук каттоодо турбаган Казакстандын 400дөн ашуун жараны болушу мүмкүн. Алардын баары коопсуз жер издеп тынымсыз кыймылда»,-деди Смадияров.
Анын айтымында, Газада жүргөн жарандардын көбү палестиналык жарандарга турмушка чыккан аялдар.
Учурда каза болгон, жаракат алган жана барымтага алынган Казакстандын жарандары тууралуу маалымат жок.
10-октябрга карата аба ырайы
Дүй Окт 9 , 2023
Кыргызгидромет билдиргендей, 10-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+6, күндүз +17…+22. Бишкекте күн […]
