Зеленский Путиндин Орешник тууралуу билдирүүсүнө пикир айтты

Автор

Астанада Россиянын президенти Владимир Путин “Орешник” системасы тууралуу кеңири айтып берди. Бул боюнча Украинанын президенти пикирин билдирди.
Владимир Зеленский Путин өз сөзү менен өзүнүн ракеталарын жана өлтүрүүгө, кыйратууга даярдыгын кайрадан жарнамалаганын айтты.
“Украинага буга чейин тийген миңдеген ракеталарга Путин дагы миңдегенин кошууну каалап жатканы ачык көрүнүп турат. Ал бул согушту токтотууга кызыкдар эмес. Өзүнүн “Орешнигин” көрсөтүү менен ал президент Трамптын инаугурациясынан кийин сөзсүз болот деп күткөн аракеттерди үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат. Бул Трампка согушту токтотууга жолтоо болот”,-деди Украинанын президенти.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ак шумкарлар” ФИФАнын рейтингинде 107-орунду ээледи

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайтында футбол боюнча улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги жарыяланды. Рейтинг боюнча Кыргызстандын курама командасы буга чейинки рейтингдин чыгарылышына салыштырмалуу бир сап төмөндөп, 107-орунга жайгашты. Команданын эсебинде 1194 упай бар. Белгилей кетсек, АФК зонасында курама 18-орунда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн