reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.280.949 % -0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Зеленский Польшанын Украина менен мамилеси тууралуу айтты

Son Güncelleme :

03 августа 2023 - 13:05

reklam
Зеленский Польшанын Украина менен мамилеси тууралуу айтты
reklam

Украинанын президенти Владимир Зеленский Польша менен болгон дипломатиялык жаңжал боюнча түшүндүрмө берди.

«Биз эч кандай саясий учурлардын украин жана поляк элдеринин ортосундагы мамилелерди бузуусуна жол бербейбиз. Элдерибиздин эркиндиги жана жыргалчылыгы, жалпы душманды жеңүү баарынан жогору»,-деп жазды Твиттерде.

«Украина өзүнүн эркиндиги жана бүткүл Европанын эркиндиги үчүн күрөшүп жатат жана биз жардам берген ар бир элге ыраазыбыз. Биз менен бирге Европанын чыныгы калканы болуп калган Польшанын тарыхый колдоосун  жогору баалайбыз»,-деди ал.

1-августта Украинанын Тышкы иштер министрлиги Польшанын бул өлкөдөгү элчиси Бартош Цихоцкийди Польша президентинин өкүлү Марчин Пшыдачтын  Киев тууралуу сын билдирүүсүнөн улам чакырган. Пшыдач “Украина соңку  жылдарда Польшанын Украина үчүн ойногон ролун баалай башташы керек» деди. Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Павел Яблонский поляк-украин мамилелеринде бир катар кыйынчылыктар бар экенин белгиледи.

reklam