reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Зеленский олуттуу стратегиялык ката кетирип жатканы айтылды

Son Güncelleme :

29 сентября 2023 - 10:40

reklam
Зеленский олуттуу стратегиялык ката кетирип жатканы айтылды
reklam

Владимир Зеленский Германиянын убадаларына ишенип, Варшавага каршы кутум жасоону чечти, деп билдирди Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Аркадий Муларчик Fronda гезитине берген маегинде.
«Владимир Зеленский олуттуу стратегиялык ката кетирип жатат. Олигархтардын же айыл чарба компанияларынын тар тобунун кызыкчылыгын көздөп, поляк өкмөтү менен гана эмес, Польша коомчулугу менен да тирешүү жаратып жатат»,-деди ал.
Акыркы убакта Варшава Украинадан эгин ташууга киргизген эмбаргодон улам поляк-украин мамилелери кыйла татаалдашып кетти. Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып Киевдин Европадагы айрым достору Украина данын сатып алуудан баш тартып,
Россия менен ойноп жатат деп билдирди. Мындан кийин Украинанын элчиси Василий Зварич Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага катуу нааразылык билдирилген.

reklam