reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1642 % % 0.15
EURO 28,9429 % % 0.1
GRAM ALTIN 1.681,12 % % 0,39
ÇEYREK A. 2.748,63 % % 0,39
BITCOIN 725.514 % 0.005
Соңку кабар
reklam
Google News

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Son Güncelleme :

29 июня 2023 - 16:50

reklam
Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады
reklam

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы өз ишин аяктады.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында 50 маселе каралды. Анын ичинен бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, “Элдик курултай” мыйзамы колдоо тапты. Ошол эле учурда 10го жакын мыйзам долбоору артка кайтарылды.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы КРнын гимни менен жабылды.

Быйылкы сессияда 75 кезектеги жыйын өткөрүлүп, 2 кезексиз, 220 мыйзам долбоору, 1394 токтом кабыл алынып, жылдык отчеттор, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жетекчилеринин, Эсеп палатасынын, Акыйкатчынын жана башкалардын отчеттору  угулду.

Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июнь айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга кетет. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында өз ишин башташат.

reklam