Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары М. Маматалиев, Э. Кокулов, М. Алиев, Н. Сыдыгалиев, В. Раимбачаева, А. Абдибаева, А. Маткеримов, Б. Тентишев, Б. Түлөбаев, Исатбек к. Аида, Л. Лурова, Ш. Мажитова, Т. Мамытов, М. Сыдыков, Ы. Атажанов, Р. Жакышов, А. Козуев, А. Алтынбеков, Э. Токтошев, М. Темирбаева.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын калкынын арасында топтук жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды же саламаттыкка башка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо максатында аталган тамак-аш азыктарын же чийки аш затын өндүрүү, жүгүртүү жана сатууда соода-сатык жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен техникалык регламенттердин эрежелеринин талаптарын бузгандарга карата мыйзамдуу чараларды күчөтүүгө багытталган.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Назар Малаев мыйзам долбоорун кабыл алууда техникалык регламент боюнча эл аралык нормаларды эске алуу сунушун берди. Муну менен катар министрдин орун басары Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү убактылуу токтотуп турууну кошумчалады. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Абдыкадыр Жороев тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу багытында аткарылып жаткан иштер, лабораториялардын жетиштүүлүгү, кадр тартыштыгы багытындагы маселелерге токтолду. Абдыкадыр Жороев ишкердикти толук кандуу текшерүүдө тоскоолдуктар бардыгын, бул багытта толук көзөмөлгө алуу мүмкүн эместигин белгиледи. Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору Болот Нурматов тамак-аш коопсуздугу жаатында кызматкерлерди жаңы методикалар менен окутуу, мекемеге көзөмөлгө алуу укугун берүү сыяктуу маселелерди белгиледи.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси Уланбек Жапаров тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча мыйзам долбоору Кыргызстанда биринчи ирет кабыл алынып жатканын белгиледи. Ал эми “Кыргызланд” экспортчулар жана импортерлор ассоциациясынын төрайымы Линара Ниязбекова сырттан ташылып келинген минералдык жана органикалык жер семирткичтер, препараттардын сапатын көзөмөлгө алуу багытында мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин сурады. Мындан тышкары ал “Дыйкандар 1 гектар аянттагы түшүмгө азыр 3 тоннадай минералдык жер семирткич колдонуп, баарын ууландырып жатат. Аны ким көзөмөлгө алат, айыл чарбасында бирдиктүү саясат жок”, -деп сынга алды.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Кыдыкбаев катышуучуларды мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жазуу түрүндө берүүгө чакырды.