Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыйман-Нуру» фракциясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматына ылайык, Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган.
Эске салсак, 22-августта Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылган. Ал бул ишти «Ыйман» фондундагы жетекчилик убагындагы отчетторго байланыштуу экенин айткан.
Ысык-Көл облусунда сел жүрүшү мүмкүн
Жум Авг 30 , 2024
ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 2-сентябрда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайт. Бөлүшүү:
