reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.280.949 % -0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Жеңиш чокусуна багыт алган альпинисттер дайынсыз болууда

Son Güncelleme :

29 июля 2023 - 10:30

reklam
Жеңиш чокусуна багыт алган альпинисттер дайынсыз болууда
reklam

Кыргызстандын Жеңиш чокусун багындырууга  аракет кылган  төрт чет элдик альпинисттен турган топ дайынсыз болууда.  Алар менен байланыш  19-июлдан 20-июлга караган токтогон.

Топ чокуга техникалык жактан татаал  Абалаков багыты боюнча чыккан. Трекерлердеги маалыматтары альпинисттер 7300 метр бийиктикте чыкканын, андан кийин түшө баштаганын көрсөттү. Бир канча убакыттан кийин трекер 6579 метр бийиктикке чукул төмөндөөнү көрсөттү. Ошол учурдан тартып альпинисттер байланышын токтотушкан. Тик учак менен издөө  эч кандай жыйынтык берген жок.

Төрт альпинист тең Россиядан. Алардын экөө бир нече жыл мурда Кыргызстанда таанышып, бул жерде жашап калышкан жубайлар Дмитрий менен Светлана Павленко.

Дмитрий 54 жашта болчу. Тажрыйбалуу альпинист, бийик чыгуулар үчүн ыйгарылат эң жогорку эл аралык «Алтын муз балтасы сыйлыгынын лауреаты, «Ак илбирс» наамына ээ. Ал Жеңиш  жана Хан-Теңири чокуларына ийгиликтүү чыккан.

reklam