reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9939 % % 0.02
EURO 31,1826 % % -0.13
GRAM ALTIN 1.855,75 % % -0,58
ÇEYREK A. 3.034,15 % % -0,58
BITCOIN 1.225.758 % -4.103
Соңку кабар
reklam
Google News

Жерлерди басып алгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү

Son Güncelleme :

13 июля 2023 - 15:27

reklam
Жерлерди басып алгандарга жоопкерчилик күчөтүлдү
reklam

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган.

 

Документ жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө максатында кабыл алынган.

 

Мыйзам менен айыппулдун өлчөмүн көбөйтүү, эркиндигинен ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу сыяктуу жаза дайындоо каралган.

 

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда жерлерди өз билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүүгө жол бербөө, жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө милдети коюлду.

 

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгууну жана көрүүнү тапшыруу каралган.

reklam