reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.279.243 % -0.522
Соңку кабар
reklam
Google News

Жасалма диплом үчүн Исмаилов менен Алимжанов депутаттык мандатынан ажырады

Son Güncelleme :

06 июля 2023 - 20:24

reklam
Жасалма диплом үчүн Исмаилов менен Алимжанов депутаттык мандатынан ажырады
reklam

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс» фракциясы) мандатынан ажыратты. Буга алардын жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу диплому жасалма экендиги себеп болгон. Аталган чечим бүгүн Боршайкомдун жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков билдиргендей, Исмаилов жогорку окуу жайга кабыл алынган эмес, ал эми Алимжанов өлкөдө эместигине байланыштуу мамлекеттик экзаменди тапшырган эмес. Натыйжада ага жогорку окуу жайды буткөндүгү тууралуу диплом одоно бузуулар менен берилген.

reklam