Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны тар чөйрөдө өттү

Автор

28-ноябрда Астанада ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясы тар чөйрөдө өттү.
Жыйынга Беларус Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты.
Ал ЖККУ Евразия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда негизги түзүмдөрдүн бири болуп калганын белгиледи.

«Азыркы чакырыктар шартында ЖККУ бардык мүчө мамлекеттер үчүн коопсуздуктун кепилдиги катары ар дайым өзүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп келет. Биздин макулдашылган аракеттерибиз, өз ара ишеним жана колдоо эң кыйын жана масштабдуу маселелерди чечүү үчүн жамааттык жөндөмүбүздү чыңдап жатат. Белгилей кетүү маанилүү, ЖККУ – бул жөн гана аскердик өнөктөштүк эмес, мамлекеттерибиздин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн биздин аракеттерибизди жана ресурстарыбызды бириктирген уникалдуу механизм»,-деди Касым-Жомарт Токаев.

Бөлүшүү:
Next Post

БАЭдеги кылмыш иште Өзбекстандын 3 жараны кармалды

Абу Дабиде 24 жаштагы Цви Коган аттуу Молдованын жана Израилдин жаранын өлтүргөндөр Түркияда кармалышты. Ал Еврей улутунан болгон. 4 жылдан бери аталган шаарда дүкөн иштетип жаткан. 24-ноябрь күнү Абу-Дабиге 150 км узакта анын сөөгү табылган эле. Анын өлүмүнө шек саналып, Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Алар 28 жаштагы Олимбай менен Махмуджан, […]

Сизге жагышы мүмкүн