reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулат

Son Güncelleme :

03 августа 2023 - 10:18

reklam
Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулат
reklam

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Жалал-Абадда жаңы аэропорт куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү каралып, адистештирилген долбоорлоо институту изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК билдирет.

Маалыматка ылайык, аэропорт куруу демилгесинин себеби Жалал-Абад облусунун калкынын аба каттамдарына болгон суроо-талаптары көбөйүшү болуп саналат. Буга бир жумада 9 каттамдын аткарылгандыгы далил.

Ошондой эле аэропорттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, учурда “Жалал-Абад” аэропортунда курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштеринин жүрүшү менен «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов таанышты.

Учурда учуп-конуу тилкесинин асфальт-бетон төшөлмөсүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Долбоорго ылайык, “Жалал-Абад” аэродромунун рулеждук жолчолорун жана учак токтотуучу жайларын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү каралууда.

reklam