Бишкек шаардык соту Елена Калашникованы 22-июлга чейин камакта калтырган чечимин чыгарды.
Ал Туризмди Өнүктүрүү Фондун жетектеп турганда бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнгөнү, бирок аны максатсыз пайдаланган деп камакка алынган эле.
22-апрелде УКМК Елена Калашникованын үйүн тинтүүгө алып, Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен иш козгогон. 18- майда болсо, аны жана фонддун вице-президентин камакка алган.