Европарламент Урсула фон дер Ляйен жетектеген Еврокомиссиянын жаңы курамын бекитти.
Европа парламенти комиссарлар коллегиясынын жаңы курамын 1-декабрда ишке киришүүсү үчүн бекитти.
Страсбургда өткөн добуш берүү учурунда Европарламенттин мүчөлөрү Урсула фон дер Ляйен сунуштаган жаңы командага ишеним көрсөтүштү.
Европарламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Урсула фон дер Ляйен өзүнүн командасын тааныштырды. Алдыдагы беш жылдыкта Европанын келечегине болгон көз карашын билдирди. АКШ жана Кытай менен болгон инновациялык ажырымды жоюу;
Көмүртекти азайтуу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк боюнча биргелешкен план;
Коопсуздукту жогорулатуу жана көз карандылыкты азайтуу сыяктуу пландарды жарыялады.
Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт
Бей Ноя 28 , 2024
Кыргызстандын аймагында 30-ноябрда күндүз жана 1-2-декабрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/11/93b32425fd21221b3c9908fd906746fb.jpg)