reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9298 % % 0.05
EURO 31,5080 % % 0.04
GRAM ALTIN 1.953,12 % % 1,51
ÇEYREK A. 3.193,34 % % 1,51
BITCOIN 1.159.711 % 1.568
Соңку кабар
reklam
Google News

Дүйнөлүк жүрөк күнү: Кардиология борборунда ачык эшик күндөрү өтөт

Son Güncelleme :

26 сентября 2023 - 14:28

reklam
Дүйнөлүк жүрөк күнү: Кардиология борборунда ачык эшик күндөрү өтөт
reklam

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында ушул жылдын 27-28-сентябрь күндөрү «Ар бир жүрөк маанилүү» урааны астында Ачык эшик күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургундары саат 10:00дөн 15:30га чейин келип, дарыгерлердин көзөлөмүнөн өтө алат. Иш-чара жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү — бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Бул күндөрү ар бир адам өз ден соолугу боюнча текшерүүдөн өтө алат, ал төмөнкү параметрлерди баалоону камтыйт: тамеки чегүү, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, кан басымын, кандагы жалпы холестеринди жана кантты өлчөө.

reklam