reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Дүйнөгө таанымал жазуучу Милан Кундера каза болду

Son Güncelleme :

13 июля 2023 - 9:37

reklam
Дүйнөгө таанымал жазуучу Милан Кундера каза болду
reklam

Атактуу жазуучу Милан Кундера 94 жашында Францияда каза болду.

Теги чехиялык француз жазуучусу Милан Кундера 1929-жылы Брно шаарында төрөлгөн. Ал 1953-жылы биринчи китебин чыгарган. 1971-жылы көптөгөн тилдерге, анын ичинде орус тилине которулган «Коштошуу вальсы» романы жарык көргөн.

Кундера 1968-жылы СССРдин Чехословакияга басып киришин сындаганы үчүн сүргүнгө айдалып, кийин 1975-жылы Францияга эмиграцияланган.

1985-жылы Иерусалим сыйлыгына татыган дүйнөгө атагы чыккан жазуучунун «Болуунун чыдагыс жеңилдиги» аттуу китеби үчүн мекенинде 80-жылдардын аягына чейин тыюу салынган.

20-кылымдын эң таасирдүү жазуучуларынын бири катары көрсөтүлгөн Милан Кундера 40 жылдан кийин 1970-жылдары өлкөсүнөн чыгып кеткен Чехиянын жарандыгын кайра алган.

reklam