Жалал-Абадда дайынсыз болгон жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөө иштерине бүгүн, 16-январда ИИМден 3 кызматкер, ӨКМден 18 куткаруучу, туугандарынан 3 адам, жалпы 24 адам жана 1 дрон тартылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет.
Зеленскийдин жубайы Украинадан кеттиби?
Бей Янв 16 , 2025
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Швейцариядагы тоо лыжа базаларынын биринде жүргөнүн Жогорку Раданын мурдагы депутаты Игорь Мосийчук өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Украин бийлиги бул маалыматты төгүндөп, Елена Зеленская ал жакта болбогонун айтышууда. Ошол эле учурда Мосийчук анын кайда экени тууралуу дагы кошумча маалыматтарды ачыкка чыгарарын убада кылды. Бөлүшүү:
