Грузиянын Тбилиси жана башка шаарларында премьер-министр Ираклий Кобахидзенин өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрү 2028-жылга чейин токтотулганын билдиргенден кийин нааразычылык акциялары башталды.
Парламенттин алдындагы нааразычылыкка өлкөнүн башкаруучу партиясы – “Грузиянын кыялы” менен ачык конфликти бар президент Саломе Зурабишвили кошулду. “Мен бул жердемин. Бул адамдар менен биргемин. Колумдан келген жерде жана ар дайым болом. Бизге жаңы шайлоо өткөрүлмөйүнчө токтобой турган каршылык башталды. Бул максат өлкө ичинде да, сыртында да бар. Биз багынып бербешибиз керек”,-деп билдирди.
Грузин полициясы менен митингге чыккандар кагылышып, үч ички иштер кызматкери жана бир нече журналист жабыркады.
Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисидеги митинг демонстрациялар жөнүндөгү мыйзамдын алкагынан чыккандыктан мындай чаралар көрүлгөнүн түшүндүрдү.