reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Германиянын президенти Казакстанга келет

Son Güncelleme :

19 июня 2023 - 10:53

reklam
Германиянын президенти Казакстанга келет
reklam

Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 19-21-июнь күндөрү Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат.
Сапардын алкагында мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө, транспорттук-логистика жана энергетикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө басым жасоо менен казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана келечегин карашат.
Германиянын Федералдык президенти Казакстан жана Германия университеттеринин ректорлорунун форумунда сөз сүйлөйт.
Иш сапарынын алкагында Франк-Вальтер Штайнмайер Мангыстау облусуна барып, аймактын экономикалык потенциалы менен таанышууну пландоодо.
Жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулары күтүлөт.

 

reklam