reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

Вагнерчилер Польшага жакындаганы айтылды

Son Güncelleme :

31 июля 2023 - 13:49

reklam
Вагнерчилер Польшага жакындаганы айтылды
reklam

Россиядан Белоруссияга келген Вагнердин 100дөн ашык жалданма жоокерлери Польша менен чек арага келишти. Бул тууралуу ишембиде премьер-министр Матеуш Моравецки билдирди.

Моравецкинин айтымында, вагнерчилер Сувалки коридоруна, Польша-Литва чек арасынын 100 километр узундуктагы стратегиялык маанилүү участогуна жакындашкан.

Польшанын премьер-министри бул өлкө аймагына гибриддик чабуулга жасалган кадам экени, жалданма аскерлер белорус чек арачыларына жамынып Польшадагы туруктуулукту бузууга аракеттер болорун кошумчалады.

НАТОнун эксперттери Беларусь менен Калининград облусун бириктирип, Эстония, Литва жана Латвияны Евробиримдиктен жана альянстын негизги күчтөрүнөн ажырата турган Сувалки коридорун Россия басып алуу сценарийин бир нече жолу карап чыгышкан.

reklam